SerepTV Logo

Чүйдө айдоочу жүргүнчүнү сүзүп, ооруканага таштап кеткен (видео)

Чүйдө айдоочу жүргүнчүнү сүзүп, ооруканага таштап кеткен (видео)
27-августта саат 13:30 чамасында Сокулук районунун Күн-Туу айылында Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, айдоочу жабыркаган жаранды ооруканага алып барып, ошол жерде таштап кеткен. Милиция 2002-жылы туулган жаранды Сокулук РИИБге жеткирип, унаасы айып короого киргизилген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УОБДД по ГУВД Чуйской области (@uobdd.chuy)

edita