Чүйдө айдоочу бетон тосмону сүзүп, эки адам каза болду
Чүйдө айдоочу бетон тосмону сүзүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) Ford Mondeo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган эркек киши, 1970-жылы туулган аял киши каза болду. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="97536,97537"]