SerepTV Logo

Чүйдө айдоочу бакты сүзүп, эки жаран каза болду

Чүйдө айдоочу бакты сүзүп, эки жаран каза болду
Чүйдө айдоочу бакты сүзүп, эки жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Кечээ, 31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам (2002-жылы туулган 2 эркек, дагы 2 эркектин аты-жөнү такталууда, 2005-жылы жана 2001-жылы туулган кыздар) жабыркаган. 2 эркек (2001-жылы туулган 1 эркек, дагы 1 эркектин аты-жөнү такталууда) каза болду. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага жеткирилди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103664,103665,103666"]