Чүйдө айдоочу аял кишини өлтүрө сүзүп кеткен
Сокулук районунун Фрунзе айылында аял кишини унаанын айдоочусу өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү ЖМКларга билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 1-октябрда саат 21:00 чамасында болгон. "Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Аял ошол жерде каза болду. Тез жардам унаасы Военно-Антоновка айылынан дээрлик бир жарым сааттан кийин келди", - деп айтылат маалыматта.