SerepTV Logo

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Сот чечим чыгарды

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Сот чечим чыгарды
Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон. 12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болгон. Бүгүн, 20-июнда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги шектүүнүн бир тууган карындашы менен байланышканыбызда, агасы 3 жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Мындай чечимди кечээ, 19-июнда Чүй райондук соту чыгарган. Анын айтымында, агасынын ушул күнгө чейин убактылуу кароочу жайда жатканы 2 жыл деп эсептелген. Дагы 1 жыл жаза өтөрүн айтат. Ал соттун мындай чечимине нааразы экенин айтып, облустук сотко кайрыларын билдирди.