SerepTV Logo

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Шектүү дагы эле камакта

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Шектүү дагы эле камакта
Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон. Бүгүн, 12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болду. "Камакта, соттук отурумдар өтүп жатат. Отурум 17-майга белгиленди, бүгүн жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу соттук отурум жылдырылган", - дешти.