SerepTV Logo

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Кийинки отурумда шектүү суралат

Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Кийинки отурумда шектүү суралат
Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон. 12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болгон. «Камакта, соттук отурумдар өтүп жатат. Отурум 17-майга белгиленди, бүгүн жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу соттук отурум жылдырылган», — дешти. Бүгүн, 24-майда Чүй облустук сотунан кийинки отурум 1-июлга белгиленгенин, анда шектүү сураларын билдиришти.