SerepTV Logo

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды
Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 14-июнда милицияга зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Панфилов РИИБдин кызматкерлери барган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын аты-жөнү такталган. Анын 1964-жылы туулган Кум-Арык айылынын тургуну экендиги аныкталган. Жогорудагы кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган өспүрүм кармалып, тергөө абагына киргизилди. Тергөөдө шектүү менен маркумдун ортосунда чыр чыкканы маалым болгон. Өспүрүм кишини ур-токмокко алып, качып кеткен.
edita