SerepTV Logo

Чүйдө абактан чыккан кишинин кылмышы видеого түшүп калган. Ал кайра кармалды

Чүйдө абактан чыккан кишинин кылмышы видеого түшүп калган. Ал кайра кармалды
Аламүдүн районунда унаадан ири суммадагы акча урдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 27-ноябрда милицияга жаран кайрылып, Лебединовка айылындагы үйлөрдүн жанында токтоп турган унаасынын ичинен 1 миллион 680 миң сом акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле абактан чыккан 1991-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын жанынан уурдалган каражат алынып, ээсине кайтарып берилди.