SerepTV Logo

Чүйдө 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен шектүү кармалды

Чүйдө 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен шектүү кармалды
Чүйдүн Москва районунда эркек киши 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-октябрда саат 11:30 чамасында 1946-жылы туулган аялдын үйүнө жаран ууруга кирип, ага бир нече жолу кол көтөрүп, Редми телефонун тартып алып, качып кеткен. Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.