SerepTV Logo

Чүйдө 7 миң долларлык тракторду уурдоого шектүүлөр кармалды

Чүйдө 7 миң долларлык тракторду уурдоого шектүүлөр кармалды
Чүй облусунда трактор уурдоого шектүүлөр кармалганын облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 13-мартта милицияга Аламүдүн районунун тургуну арыз менен кайрылып, асфальт төшөөчү тракторун уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранган. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң долларды түзгөн. Бул факты бирдиктүү реестрге "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектелип, 34 жана 18 жаштагы 2 жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Unknown Author