Чүйдө 54 жаштагы жаран 2,5 миллион сомго алданып калган
Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-апрель күнү Ысык-Ата РИИБге 1967-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, март айында чала тааныш киши анын ишенимине кирип, 38 тонна 200 килограмм кумшекерин алып, 2,5 миллион сомдон ашык акча берүүнү убада кылып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында дагы ушул сыяктуу арыз менен 1987-жылы туулган жаран кайрылып, ал 600 миң сом материал зыян тартканын билдирген. Бул окуя да кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмыштарга шектелип, 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тегөө иш амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.