Чүйдө 48 бал челек чиркегич менен күйүп кетти (сүрөт)
Чүйдө чыккан өрттүн кесепетинен 48 бал челек күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык кечээ, 9-сентябрь күнү Аламүдүн районуна караштуу Бирлик айылынын күн батыш тарабындагы ачык аянтта болгон. Анда 48 бал челек жана бал челек ташыган чиркегич (прицеп) толук күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм саат 15:00дө жерине чыгып, саат 15:19да жетишип, саат 16:05те өрттү чектөөгө алышып, 17:48де толук өчүрүшкөн. Өртттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.