SerepTV Logo

Чүйдө 4 жыл мурун жоголгон жарандын жансыз денеси көмүрканасынан табылды. Кылмышка өгөй баласы шектелип жатат

Чүйдө 4 жыл мурун жоголгон жарандын жансыз денеси көмүрканасынан табылды. Кылмышка өгөй баласы шектелип жатат
Чүй облусунун милиция кызматкерлери төрт жыл мурда дайынсыз жоголгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайын аныкташып, шектүү катары өгөй баласын кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 2021-жылдын 23-мартында Жайыл РИИБге 1974-жылы туулган жарандын дайынсыз жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн. Анын издөө иштеринен эч кандай натыйжа чыккан эмес. 2025-жылдын 4-сентябрында жүргүзүлгөн оперативдик-издөө иш-чараларынын натыйжасында, дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси жашаган жериндеги көмүр сарайында табылган. Кылмышты жасоого шектүү катары 1996-жылы туулган, макумдун өгөй баласы кармалды. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөр аныкталган, 2021-жылдын март айында атасы менен өгөй баласынын ортосунда чыр-чатак болуп, анын жүрүшүндө уулу жабырлануучуга өлүмгө алып келген дене жаракаттарын келтирген. Кылмышты жашыруунун максатында, денесин көмүп салган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
edita