SerepTV Logo

Чүйдө 39 жаштагы өгөй ата 12 жаштагы кызын жыныстык катнашка мажбурлоого шектелип жатат

Чүйдө 39 жаштагы өгөй ата 12 жаштагы кызын жыныстык катнашка мажбурлоого шектелип жатат
Милиция жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургун 39 жаштагы жаран 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаганы аныкталган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Жазык кодексинин 156-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.