SerepTV Logo

Чүйдө 36 жаштагы киши өз үйүндө жан берди

Чүйдө 36 жаштагы киши өз үйүндө жан берди

Чүйдө өрттөн бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылындагы Таранчиев көчөсүндөгү үйдөн өрт чыккан. Аянты 25 чарчы метр турак үйдүн бир бөлмөсү күйгөн. Жерине №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы тартылып, өрт саат 08:14тө чектөөгө алынып, 09:00дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып, 36 жаштагы эркек киши каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.