Чүйдө 35 жаштагы эркек киши бакка асылган абалда табылды
Кечээ, 20-майда болжол менен саат 18:26 чамасында милициянын "102" кызматына Москва районундагы Петровка айылында эркек кишинин асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, айылдагы турак үйдүн биринин короосундагы бакта 1986-жылы туулган эркек киши асынып, өз өмүрүн кыйган. Ал жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.