SerepTV Logo

Чүйдө 33 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан каза болду. Кылмышка шектүү кармалды

Чүйдө 33 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан каза болду. Кылмышка  шектүү кармалды
Чүйдө бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн жаран көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-сентябрда Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада 1988-жылы туулган жарандын каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жаран ооруканага 5-сентябрда курсак тушка сайылган бычактан алган жаракатынан улам жаткырылган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.