SerepTV Logo

Чүйдө 32 жаштагы келин киши колдуу болду. Кылмышка кошунасы шектелип жатат

Чүйдө 32 жаштагы келин киши колдуу болду. Кылмышка кошунасы шектелип жатат
Чүйдө келинди өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 18-сентябрда болжол менен саат 10:30да Прогресс айылында аялга бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1956-жылы туулган кишинин мас абалында 1991-жылы туулган кошунасына барып, бычак сайганы аныкталган. Келин ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган. Кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш сотко өткөрүлгөн.