Чүйдө 27 жаштагы жигит көчөдө ок чыгарган. Жабырлануучу ооруканада
Чүйдө 27 жаштагы жигит бир нече жигиттен турган топко эки жолу ок чыгарган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-апрелде Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнүн “102” кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 25-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу кампанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда кичинекей оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында, өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен. Натыйжада 22 жаштагы жаран денесине эки ок тийген жаракаты менен ал райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну кармалган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.