SerepTV Logo

Чүйдө 26 жаштагы жигит реанимацияда жатат. Шектүү катары айылдашы кармалды

Чүйдө 26 жаштагы жигит реанимацияда жатат. Шектүү катары айылдашы кармалды
Москва районунда жаран ооруканага түшүп, бул окуяга шектүү катары айылдашы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 14-май күнү Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор акыбалда 1997-жылы туулган Мураке айылынын тургуну түшүп, окуя боюнча маалымат Москва РИИБге жөнөтүлгөн. Аталган окуя Москва РИИБде катталып, 15-май күнү кылмыш иши козголгон. Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка тиешеси бар болуп ошол эле айылдын 1990-жылы туулган тургуну кармалды. "Тергөө учурунда, окуя боюнча кийинки жагдай такталды, 14-май күнү айыл четинде айылдаштар арак ичип олтуруп, уруша кетип, шектүү жабарлануучуну катуу сабап койгон. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат", - дешти.