SerepTV Logo

Чүйдө 25 жаштагы кызды уурдап бара жаткандар кармалды

Чүйдө 25 жаштагы кызды уурдап бара жаткандар кармалды
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кызды уурдап качкан жарандарды кармашты. Бүгүн, 9-январда болжол менен саат 14:50 чамасында Ак Босого конушундагы үйлөрдүн биринен 1998-жылы туулган кызды белгисиз жарандар күчкө салып, Хонда Стэпвэгон үлгүсүндөгү унаага отургузуп, белгисиз тарапка качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш изи сууй электе Хонда-Степвагон унаанын 1978-жылы туулган айдоочусу жана жанындагы 1992-жылы туулган жүргүнчүсү Жайыл районун Сосновка айылынан кармалган.