Чүйдө 25 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды
Чүйдө уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-июнда 77 жаштагы Новопокровка айылынын тургуну апрель айында болжол менен 20-25 жаштагы белгисиз кызга чара көрүүнү суранган, анткени анын үйүн сатып алуунун шылтоосу менен 20 миң сом акчасын уурдап, белгисиз тарапка изин суутуп качып кеткенин билдирген. Аталган факты Ысык-Ата РИИБи тарабынан уурдоо беренеси менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Ата районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы Чүй облусунун тургуну аныкталып, Ысык-Ата РИИБине жеткизилген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кыздын Ысык-Ата районунун аймагындагы уурулуктун дагы бир нече фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталып, алар боюнча керектүү чаралар көрүлүп жатат.