SerepTV Logo

Чүйдө 24 жаштагы жигитке бычак сайган делген жаран кармалды

Чүйдө 24 жаштагы жигитке бычак сайган делген жаран кармалды
25-декабрда Аламүдүн РИИБге аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 24 жаштагы жигит бычактан жаракат алганы айтылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Аталган факты РИИБге катталып, кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип, 25 жаштагы жигит кармалды. Чүй ОИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.