SerepTV Logo

Чүйдө 22 жаштагы кызды ала качкан делген жигиттер кармалды

Чүйдө 22 жаштагы кызды ала качкан делген жигиттер кармалды
Чүйдө кыз ала качууга аракет кылган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында болгон. Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кемин районунун Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Түшкөн маалымат боюнча жол тескөөчүлөр Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасын кармаган. Аталган унаанын ичинде 2000-жылы туулган кыз болгон.  Кыз ала качууга шектүүлөр 1994-жылы туулган жигит жана унаанын айдоочусу кармалып Кемин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Уобдд Чуй (@uobdd.chuy)