Чүйдө 21 жаштагы жигит ГЭС-5 суу сактагычына чөгүп кетти
Кечээ, 27-июнда Дачное айылынын ГЭС-5 суу сактагычына 21 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, саат 17:02де маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.