SerepTV Logo

Чүйдө 20 тонналык контейнерди уурдоого аял киши шектелип жатат

Чүйдө 20 тонналык контейнерди уурдоого аял киши шектелип жатат
Чүйдө уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 34 жаштагы жаран кайрылып, 6 метрлик 20 тонна салмактуу контейнерин уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 110 миң сомдон ашкан. Факты Аламүдүн РИИБге катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Кылмышка шектелип аял киши кармалган. Анын дагы бир фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Тергөө иштери жүрүп жатат.