SerepTV Logo

Чүйдө 20 жаштагы кызды ала качкан жигит "Сосновка" постунан кармалды

Чүйдө 20 жаштагы кызды ала качкан жигит "Сосновка" постунан кармалды
Чүйдө 20 жаштагы кызды ала качууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 23-сентябрдын таңында болгон. Анда кызматкерлерге Ак-Ордо-3 жаңы конушунда 2001-жылы туулган кыздын уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоочулар тарабынан "Перехват" планын киргизилген. Саат 07:30 чамасында "Сосновка" постунда кызмат өтөп жаткан Чүй РИИБдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору окшош унааны байкап калышкан. Аудинин ичинде бир жигит менен бир кыз болгон, сүйлөшүүдөн кийин жүргүнчүнү үйлөнүү максатында уурдап, Токтогул районуна алып кетип жатканы белгилүү болгон. 1998-жылы туулган жигит милиция бөлүмүнө жеткирилди.