Чүйдө унаа оңдоочу жайдагы 2 спринтер күйүп кетти (фото)
Сокулук районуна караштуу Эркин-Тоо конушунун Э. Иманалиев көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (СТО) 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Мерседес бенц спринтер үлгүсүндөгү 2 унаа толук күйүп өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Жерине Бишкек шаардык №6 ӨККБдөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:49да өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 20:39да толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="129044,129043,129042,129041"]
https://www.youtube.com/channel/UCo3eXn385W3FqNnrlYfSe1A