SerepTV Logo

Чүйдө 18 жаштагы кыз каналга түшүп кетип каза болду

Чүйдө 18 жаштагы кыз каналга түшүп кетип каза болду
Чүйдө 18 жаштагы кыз каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. "27-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында каналга (быстроток) 2004-жылы туулган А. кызы С. сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине жалпы 9 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар саат 18:30да каналдан кыздын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдирет басма сөз кызматы.