SerepTV Logo

Чүйдө 18 жаштагы жигит токмоктолуп, ооруканага түштү. Шектүү кармалды

Чүйдө 18 жаштагы жигит токмоктолуп, ооруканага түштү. Шектүү кармалды
18 жаштагы жигитти сабоого шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-октябрда Жайыл РИИБге жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 18 жаштагы жигит сабалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган. Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү — Чүй облусунун 24 жаштагы тургунун кармашты. Милициянын маалыматына караганда, шектүү «каралардын» идеологиясын тутунат жана аны далилдеген татуировкасы бар.