Чүйдө 17 жаштагы өспүрүмгө бычак сайган делип 58 жаштагы киши кармалды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашы жете элек балага бычак сайган делген жаран колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-май күнү болжол менен саат 19:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, анда 2003-жылы туулган бала бычактан жаракат алганы айтылган. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыккан.
Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун апасы милицияга арыз жазып, "бейтааныш эркек киши мас абалында, пикир келишпестиктен улам балама бычак сайып жиберип, белгисиз тарапка из жашырып кетти" деп билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Шектүүнүн алгач аты-жөнү такталып, андан соң жашаган жери аныкталган. Бирок ал үйүнө келбей из жашырып жүргөндүктөн, коомдук жайлар, каралбай калган имараттар, мейманканалар жана башка аймактарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Көп өтпөй 1962-жылы туулган шектүү тааныштарынын биринин үйүндө милиция кызматкерлеринен жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.