SerepTV Logo

Чүйдө 17 жаштагы жигит адам өлтүрүүгө шектелип жатат

Чүйдө 17 жаштагы жигит адам өлтүрүүгө шектелип жатат
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 20-декабрда Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринде 1997-жылы туулган жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, 20-декабрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкени аныкталган. Кесепетинен бири экинчисин өлгүчө сабап салган. Учурда тергөө уланууда.
edita