SerepTV Logo

Чүйдө 16 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камакка алынды

Чүйдө 16 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камакка алынды
Чүйдө 16 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы Кемин райондук сотунда кечээ, 24-июнда каралган. Сот аны тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга алуу чечимин чыгарган. 22-июнда Кемин районунда токойдон 2005-жылы туулган окуучу кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип, 42 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө 21-июнь күнү кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаганы, ошол маалда кыз кыйкырып баштаганынан шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.
edita