Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөтүп, 5 жылга кесилген жаран жазаны жеңилдетүүнү суранды
Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөтүп, 5 жылга кесилген жаран жазаны жеңилдетүүнү суранды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, аппеляциялык арыз Москва райондук сотуна кечээ түшкөн. "Ал азыр тараптарга таратылат. 10 күндүн ичинде нааразычылык келтиргендер катталат. Анан иш облустук сотко жөнөтүлөт. Айыпталуучу жазаны жеңилдетип берүүнү сурайм деп кайрылыптыр", - дешти соттон.
Соцтармактарга 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу тарап, ишти прокуратура көзөмөлгө алган. Жарандын бөгөт чарасын карап, эркиндикке чыгарган сот төрагалыктан кеткен. 6-июнда айыпталуучуну беш жылга эркинен ажыраткан чечимди Москва райондук соту чыгарган.