SerepTV Logo

Чүйдө 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Чүйдө 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды
Чүйдө өгөй кызын зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 15-майда Сокулук РИИБге 1981-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылып, күйөөсүнө чара көрүп берүүнү суранган. Ал кызматкерлерге күйөөсү тарабынан 2006-жылы туулган кызы зордукталганын айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө, милиция кызматкерлери арыздануучу жаран күйөөсү менен 2012-жылдан бери чогуу жашарын, алар аялдын 2006-жылы биринчи турмушунан төрөлгөн кызын тарбиялап жатканы маалым болгон. Кылмышка шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагууда. Керектүү экспертизалар дайындалган.
edita