SerepTV Logo

Чүйдө 15 жаштагы кыз сабалган. Кылмышка 18 жаштагы жигит шектелүүдө

Чүйдө 15 жаштагы кыз сабалган. Кылмышка 18 жаштагы жигит шектелүүдө
Чүйдө 15 жаштагы кыздын денесине залал келтирген делген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка карганда, 4-апрель күнү милицияга 43 жаштагы Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-апрелде Токмок шаарындагы мектептин аянтында 2007-жылы туулган кызын бейтааныш жигит тээп, уруп денесине залал келтиргенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси менен (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилгендиги аныкталган. Кылмышка шектелип, Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилди.