SerepTV Logo

Чүйдө 14 жаштагы кызды көчөдө муунткан шектүү кармалды

Чүйдө 14 жаштагы кызды көчөдө муунткан шектүү кармалды
Чүйдө өспүрүм кызга кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга кыздын апасы кайрылган. 10-октябрда саат 18:00 чамасында Садовое айылындагы көчөлөрдүн биринде 14 жаштагы кызды эркек киши жерге жыгып, муунта баштаган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.
edita