SerepTV Logo

Чүйдө 14 жаштагы кыз тууганына өгөй атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айткан. Өгөй атасы өз версиясын айтты

Чүйдө 14 жаштагы кыз тууганына өгөй атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айткан. Өгөй атасы өз версиясын айтты
6-майда Сокулук РИИБге 1971-жылы туулган жаран кайрылып, жээнинин күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, жээнинин күйөөсү 2008-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыздануучу көрсөтмө берген. Ал 1986-жылы туулган жээни 3-майда кызын эс алууга таштап кеткенин айткан. Экөө сүйлөшүп отуруп, кыздын бир нече жылдан бери зордукталып келгенин билген. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, сурак учурунда жыныстык катнаш кыздын макулдугу менен болгонун айткан. Ал камакка алынды. Тергөө уланууда.