SerepTV Logo

Чүйдө 14 жаштагы кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду

Чүйдө 14 жаштагы кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду
Чүйдө 2008-жылы туулган кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-июлда Токмок ШИИБге Токмок шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулаган кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 2008-жылы туулган кыздын жансыз денесин табышкан. Аталган факты каттоого алынган. Учурда окуянын бардык жагдайларын териштирүү иштери жүрүп жатат.