Чүйдө 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылды (сүрөт)
Кечээ, 4-июлда Аламүдүн районундагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 13 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 19:35те баланын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.