SerepTV Logo

Чүйдө 12 жыл мурда менчиктелген мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 12 жыл мурда менчиктелген мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган. Прокурордук талаптын негизинде 4 миллион 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.