SerepTV Logo

Чүйдө 12 жаштагы кызга бир нече жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөн делип өгөй атасы кармалды

Чүйдө 12 жаштагы кызга бир нече жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөн делип өгөй атасы кармалды
Чүйдө өгөй кызына бир нече жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөн делип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 29-декабрда Жайыл РИИБге 44 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 46 жаштагы жолдошуна чара көрүүнү сураган. Аял жолдошу бир нече жылдан бери өгөй кызына сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн айткан. Факты Жайыл РИИБге катталып, тергөө жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары, шектүү өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн, бирок Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Тергөө уланып жатат.