SerepTV Logo

Чүйдө 10 гектар эгин талаасы күйүп кетти (видео)

Чүйдө 10 гектар эгин талаасы күйүп кетти (видео)
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "Элдан Аталык" ЖЧКга тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
- Өрт тууралуу маалымат саат 18:16да келип түшкөн. Жерине Ысык-Ата райондук, Кант жана Бишкек шаардык ӨКБдан жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, толук 18:46да өчүрүлдү.
Маалыматка караганда, өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин калган 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.