SerepTV Logo

Чүй районунда 2 унаа кагышып, 2 адам жаракат алды

Чүй районунда 2 унаа кагышып, 2 адам жаракат алды
Кечээ, 30-март күнү болжол менен саат 23:26 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында эки унаа кагышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык Арал айылында болгон. Mercedes-Benz Sprinter менен Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 1991 жана 1980-жылы туулган 2 эркек киши жеңил жаракат алган. “Жерине ӨКМдин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкен”,- деп айтылат маалыматта.
edita