SerepTV Logo

Чүй облусундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Жайыл районундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кечээ, 3-февралда саат 19:07 чамасында ӨКМдин №22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 60-65 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.  
edita