SerepTV Logo

Чүй облусунда ок-дарылары менен "АК-47" автоматы табылды

Чүй облусунда ок-дарылары менен "АК-47" автоматы табылды
Чүй облусунда курал жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жашырылган жерден номурлары өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников "АК-47" автоматы табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн. Учурда УКМК куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.
edita