SerepTV Logo

Чүй облусунда дөңгөлөк жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Чүй облусунда дөңгөлөк жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти
Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты. "Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:45те Жайыл райондук №22 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, толук өчүрүлгөн. Маалыматка ылайык, аталган оор жүк ташуучу унаада дөңгөлөктөр жүктөлүп келе жаткан. Куткаруучулар унаанын алдыңкы бөлүгү (айдоочу отуруучу) жерин сактап кала алышкан. Бактыга жараша жабыркагандар жок", - деп жазылат маалыматта.