SerepTV Logo

Чүй облусунда аялын өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы адам кармалды

Чүй облусунда аялын өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы адам кармалды
Чүй облусунда аялын өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. «30-июнда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жайыттардын биринде аял өзүн-өзү атып өлтүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге барып, маркумдун сөөгүн карап чыккан тергөө тобу андан зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн издерди табышты», - деп айтылат маалыматта. Аялды өлтүрүүгө шектелип аны менен чогуу жашаган 45 жаштагы жаран кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, адам өлтүрүү мас абалындагы чырдын негизинде болгон. Ошондой эле, алардын экөө тең жайлоодо чабан болуп иштегени кабарланууда.
Unknown Author