SerepTV Logo

Чүй облусунда 18 жаштагы Миржан Русланбек уулу дайынсыз болууда

Чүй облусунда 18 жаштагы Миржан Русланбек уулу дайынсыз болууда
Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Русланбек уулу Миржанга издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 3-майда үйүнөн Бишкек тарапты көздөй чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай, чачы, көзү кара. Кийимдери: үстүндө кара түстөгү боорунда ак жазуулары бар футболка, көк түстөгү жинсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим. Русланбек уулу Миржандын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-79-89, 0(707) 18-11-87, 0(702) 31-75-22”, - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author